Танк биатлону. Кыргызстандын экипажы бардык бутага тийип 1-орунду алды

"Танк биатлону" 22-августта башталган. Кыргызстандын командасы экинчи дивизионго кирип, сары түстөгү танкалар менен Лаостун, Малинин жана Мьянманын командаларына каршы чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын командасы Т-72Б3 танкасы менен "Танк биатлону – 2021" эл аралык мелдешине катышып, өз тобунда атуу жана айдоо чеберчилиги боюнча биринчи орунду алды. Бул тууралуу Коргонуу министрлиги билдирди.

Бүгүн "Алабино" (Россия) полигонунда Армия эл аралык оюндарында (АРМИ - 2021) Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жарышы өттү. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экипажы катышты.

"Кыргызстандын командасы сары түстөгү Т-72Б3 танкасы менен атуу жана айдоо чеберчилигин көрсөтүп, өз тобунда биринчи орунга илинди. Алар беш бутанын баарына тийип, трассаны 26 мүнөт 15 секундда басып өткөн", —  деп айтылат маалыматта.

Танк үстүндөгү балерина менен жоокердин бийи. Алабинодон тартылган видео
22-августта өткөн биринчи жарышта кыргызстандыктар өз тобунда экинчи орунду ээлеген. Анда алар трассаны 32 мүнөт 12 секундда басып өтүп, бир бутага тийген.

"Жеке жарыш" деген кийинки этапта (27-август) Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 3-экипажы катышат.

"Танк биатлону" 22-августта башталган. Кыргызстандын командасы экинчи дивизионго кирип, сары түстөгү танкалар менен Лаостун, Малинин жана Мьянманын командаларына каршы чыкты.