БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Сосновка" транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал транспорттук көзөмөл пунктунун жана салмак-көлөмгө көзөмөл кылуу тутумунун иши менен таанышкан.
"Маалыматтык тутум көрсөткөндөй, эртең мененки саат 8ден тарта 29 автоунаа өткөн, бирок 17си гана каттоого алынган. Салмак-көлөмгө көзөмөл кылуу тутуму иштебейт. Биз автоунаалардын ачык катталышын жана толук эсепке алынышын камсыздоо максатында транспорттук көзөмөл пунктуларында автоматташтырылган маалыматтык тутумдун толук иш алып баруусуна жетишүүбүз керек", — деген Марипов.
Министрлер кабинетинин жетекчиси бүгүн Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырган.