Президент Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолукту

Мамлекет башчы балдар менен баарлашып, окуулары тууралуу сурап, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров балдарга өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш күнү кантип өтөрүн айтып берди.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолукту
2 / 4
Жапаров балдарга өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, жумуш күнү кантип өтөрүн айтып берди
3 / 4
Мамлекет башчы балдар менен баарлашып, окуулары тууралуу сурап, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди
4 / 4
Президенттин администрациясынын структурасында балдарды социалдык жактан коргоо боюнча ишти күчөтүү максатында атайын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту түзүлгөнүн маалымдады
Мамлекет башчы балдар менен баарлашып, окуулары тууралуу сурап, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди. Президенттин администрациясынын структурасында балдарды социалдык жактан коргоо боюнча ишти күчөтүү максатында атайын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту түзүлгөнүн маалымдады.
"Жаш муундун бактылуу балалыкта чоңоюп, бекем ден соолукта болушун жана ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу биз үчүн маанилүү. Силердин куракта эң негизгиси жакшы окуп, билим алуу зарыл. Өз кесибиңердин билимдүү адиси болуп чыксаңар, алдыңарда бардык эшиктер ачылат, анткени билимдүү адамдын колунан бардык иш келет. Келечек силердин колуңарда, силер мекенибиздин татыктуу жарандары болоруңарга мен ишенем. Биз болсо силердин бактылуу балалыкта чоңоюп, жашооңордун ийгиликтүү болушу үчүн колдон келген бардык нерсени жасайбыз", — деп баса белгиледи өлкө башчы.
Бүгүн Маданият министрлиги балдар үчүн бир нече иш-чара өткөрөт. Графиги
Жапаров бардык мамлекеттик структураларды, алардын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын балдардын катышуусу менен "ачык эшик күндөрүн" өткөрүүгө жана бардык жарандар үчүн дайыма жеткиликтүү болууга чакырды.
Балдар мамлекет башчысына алдыдагы жайкы каникулдагы пландары, жакшы көргөн сабактары жана мектептеги окуулары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле өздөрүнүн жеке суроолорун узатышты.
Баарлашуудан соң президент балдарга белектерин тапшырды.