Кара-Кулжада үрөй учурган жол кырсыгы болду. Сүрөт

Айдоочу автокөлүгүн башкара албай жолго чыгып кетип, кырсыкка учураган. Автоунаа ичинен оор абалда алып чыгышкан үч кишинин ким экендиги такталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Түндө Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол айылында автоунаа оодарылып кетип, катуу жабыркаган үч киши ооруканага жеткирилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Түндө Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол айылында автоунаа оодарылып кетип, катуу жабыркаган үч киши ооруканага жеткирилди
Кырсык аталган айылдын Таш-Кыя тилкесинде түндө болжол менен саат 00:22 чамасында болуп, айдоочу Daewoo Matiz-3 автокөлүгүн башкара албай калган.
"Автоунаа жолдун четине чыгып, андан соң аңтарылып кеткен. Куткаруучулар жабыркагандарды машинанын ичинен чыгарышып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМден оор жаракат алган үч кишинин аты-жөнүн тактап жатканын кошумчалашты.