Марипов 99 жаштагы ардагерге жолугуп, Жеңиш күнү менен куттуктады. Сүрөт

Касмалы Осмонов учурда Бишкек шаарында жашайт. 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Касмалы Осмонов менен учурашып, ардагердин акыбалынан кабар алды.
"Сиздин эрдигиңиз ар-намыстын жана кайраттуулуктун үлгүсү. Биз ушул күнү фронт талаасында жанын аябастан эрдиги менен фашизмди талкалоого чечкиндүү салым кошкон улуу муун үчүн өзгөчө сыймыктанабыз. Кайратман аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө терең сакталат. Каатчылык мезгилде сиздер башты жерге салбастан, өлкөбүздү душмандын баскынчылыгынан сактап калдыңыздар. Мындан 76 жыл мурда жетишкен жеңишибиз – майтарылбас эрктин, жогорку патриоттуулуктун жана бузулгус эл достугунун мыкты далили болуп саналат", — деген министрлер кабинетинин төрагасы.
Марипов ардагер Касмалы Осмоновго материалдык жардам тапшырып, мамлекет мындан ары карай дагы согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөрүн айткан.
Кыргызстандыктарды 5 өлкөнүн президенттери Жеңиш майрамы менен куттуктады
Касмалы Осмонов учурда 99 жашта, Бишкек шаарында жашайт. 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. Кыргызстандан кан майданга 360 миңден ашуун аскер аттанып, 160 миңден ашык мекендешибиз курман болду. Алардын арасында жөнөкөй кыргызстандыктардан сырткары кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү, кыргыз адабиятынын жоокерлери – акындар, жазуучулар да болгон. Алардын бир тобу майдандан кайтпай да калган. Ал эми жалпы СССР 27 миллион жаранынан айрылган.