Бишкекте өзгөчө отургучтары жана шарты менен эки сквер пайда болду. Сүрөт

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Саманчин көчөсүнөн түштүктү көздөй кеткен жөө жүргөндөр үчүн ыңгайлашкан бөлүгүнүн экинчи жарымы көрктөндүрүлүп бүттү. Дагы бир сквер 11-кичи райондо пайда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Борбор калаанын шаардык кызматтары Октябрь районунда эки скверди жасашты. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Саманчин көчөсүнөн түштүктү көздөй кеткен жөө жүргөндөр үчүн ыңгайлашкан бөлүгүнүн экинчи жарымы көрктөндүрүлүп бүттү. Жөө адамдар жүрө турган бул тилке 850 метрге созулуп, экиге бөлүнгөн.
1 / 5
Борбор калаанын шаардык кызматтары Октябрь районунда эки скверди жасашты.
2 / 5
Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Саманчин көчөсүнөн түштүктү көздөй кеткен жөө жүргөндөр үчүн ыңгайлашкан бөлүгүнүн экинчи жарымы көрктөндүрүлүп бүттү.
3 / 5
Жөө адамдар жүрө турган бул тилке 850 метрге созулуп, экиге бөлүнгөн.
4 / 5
Скверде селкинчек, карусель, кум төгүлгөн балдар аянтчасы да бар.
5 / 5
Маалыматта конструкциялар заманбап материалдан жасалып, кичинекейлер үчүн кооптуулук жаратпай турганын айтышты.
"Бул жерде жөө жүргөндөрдүн жолу салынып, аны бойлото чүкө түрүндө отургучтар коюлган. Бекем металлдан жасалган таштандылар үчүн урналар да бар. Скверди жарыктандырып туруу үчүн жердин алды менен 1 261 метр кабель тартылып, 26 диоддук чырактар орнотулган. Алар ар бир отургучту жарык кылып турат, эгерде телефонун кубаттайм десе, дароо ошол жердеги USB-портту колдонсо болот", — дешти мэриядан.
Бишкектин түштүк районуна сквер салынат
Скверде селкинчек, карусель, кум төгүлгөн балдар аянтчасы да бар. Маалыматта конструкциялар заманбап материалдан жасалып, кичинекейлер үчүн кооптуулук жаратпай турганын айтышты. Алардын баары "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынан даярдалганын кошумчалашты.
Ал эми экинчи сквер 11-кичи райондогу Куттубаев көчөсүндө. Бул жерге Набережная көчөсүнөн тарта жергиликтүү чакан базарга чейин жөө жүргөндөрдүн жолу салынган. Отургучтар, урналар орнотулган.
"Бишкек жарыктын" адистери жарыктандырып, заманбап стилдеги түркүктөрдү жана электр чырактарын орноткон. Жер алды менен 700 метр кабель тартылган", — деп билдирди маалымат кызматы.
Аны бейбаштар талкалап, жулуп кетпеш үчүн аймак видеокөзөмөл системасына кошулган. Кеткен чыгымдардын баары шаардык бюджеттен каржыланып турмакчы.