Президент Баткенге чек ара айылдарын калыбына келтирүү боюнча өкүлүн дайындады

Мамыржан Рахимов буга чейин Баткен шаарынын мэри болуп иштеген. Аны президенттин облустагы өкүлү кылып дайындоо боюнча буйрук бүгүн чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мамыржан Рахимов буга чейин Баткен шаарынын мэри болуп эмгектенген.
Чек ара чырында талкаланган үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет
29-апрелде Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда тажик аскер күчтөрү кыргыз чек арачыларына, карапайым тургундарга карата ок аткан. Бул чоң жаңжалга айланып, тажик тарап миномёт, гранатомёт сыяктуу куралдарды колдонгон. Муну менен гана чектелбей алар Ми-24 тик учагы менен кыргыз айылдарын аткылаган.
Жаңжалда чек ара айылдардагы 40 649дан ашык жашоочу, Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Дөбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14 365 жаран эвакуацияланган. Ал эми Лейлек районунун Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат жана Достук айылдарынан 26 288 киши чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлктөрү күйүп жок болду.