Токаев Баткенде курман болгондорго байланыштуу Жапаровго көңүл айтты

Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго байланыштуу Садыр Жапаровго көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эки өлкөнүн башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, ал Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен ишке ашкан.
Баарлашуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин белгилеген.