Захарова: Батыш РФти ооздуктоо боюнча пландалган кампаниясын ишке ашырууда

РФ тышкы иштер министринин расмий өкүлү маалымдагандай, ЕБдин сегиз аткаминерине карата санкция киргизүү боюнча Россиянын бардык аракеттери "жамааттык Батыш тараптын достукка жат, кээде кастык аракеттерине гана көрүлгөн чара" болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Россия Федерациясын ооздуктоо саясатын көздөгөн алдын-ала иштелип чыккан, пландалган маалыматтык-саясий кампаниясын ишке ашырууда. Бул тууралуу Sputnik агенттигине РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Ал узак жылдардан бери РФ ЕБдеги өнөктөштөрүнө улам келип чыккан маселе, көйгөйлөрдү дипломатиялык ыкмалар, сүйлөшүү жана консультациялардын жардамы менен чечүүнү сунуштап келгенин баса белгилейт.
"Бирок жыл өткөн сайын бардык – реалдуу да, ойдон чыгарылган да көйгөйлөр атайын кеңири жайылтылат. Конструктивдүү диалог нугуна салууга болгон биздин бардык аракеттерибиз Евробиримдик тарабынан бөгөттөлүп келет", — деп билдирет Захарова.
Лавров: Донбасстагы согушту болтурбай койсо болот, болтурбаш керек. II бөлүк
РФ Тышкы иштер министринин расмий өкүлү маалымдагандай, ЕБдин сегиз аткаминерине карата санкция киргизүү боюнча Россиянын бардык аракеттери "жамааттык Батыш тараптын достукка жат, кээде кастык аракеттерине гана көрүлгөн чара" болуп саналат.
Жума күнү Россиянын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн РФтин аймагына кирүүгө тыюу салынган сегиз жаранынын аты-жөнүн жарыялаган эле.
Тизмеге Европарламенттин жетекчиси Давид Сассоли, ошондой эле Еврокомиссиянын европалык баалуулуктар жана транспаренттүүлүк (ачыктык) боюнча вице-президенти Вера Юрова да кирген.