Бишкектен Баткенге 100 тонна гумжардам жөнөтүлөт. Видео

Учурда ордо калаадагы ар бир акимчиликте жардам штабдары ачылган. Эгер көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо, (0774) 00-77-35, (0990) 99-94-44, (0999) 85-55-58, (0559) 03-85-85 телефондоруна чалса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жүк жүктөлгөн унааларды жиберүүгө даярданууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Чогулган гумжардамдын баары Баткен облусуна жеткириле турганы айтылды. Учурда ордо калаадагы ар бир акимчиликте жардам штабдары ачылган. Эгер көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо, (0774) 00-77-35, (0990) 99-94-44, (0999) 85-55-58, (0559) 03-85-85 телефондоруна чалса болот.

Баткендеги чек ара чыры

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 31ге жетти. Атышуудан 154 киши жабыркаган.

Буга чейин эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп,
учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан.