Радио

Аткаминерди убадасын аткарууга кантип мажбурласа болот? Юристтин жообу

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров аткаминерлер тарабынан берилген убада анын компетенциясына кирер-кирбесин алгач аныктап алууну сунуштады.
Sputnik
Мамлекеттик кызматтагы адам убадасын аткарбай жатса сотко арыз менен кайрылууга болот. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, талаптар менен кайрылуулар жазуу түрүндө болушу шарт.
"Берилген убада аткаминердин милдетине кирсе жана тийиштүү чечимдер ал тарабынан кабыл алынса, аны аткарууну талап кылса болот. Убаданы аткартуу үчүн алгач анын өзүнө кат менен кайрылуу керек. Ал баш тарткан учурда андан жогору турган кызмат адамына же органга кайрылуу шарт. Эгерде эч кандай реакция болбосо, административдик сотко арыз жазуу керек. Мындан тышкары, сиздер кайрылган кызмат адамы же органдын чечимдери менен макул болбосоңуз, сотко арызданууга болот", — деди Бакиров.
Юрист саясий партиялардын, депутаттыкка же президенттикке талапкерлер берген убадаларын аткарбаса аларга чара көрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Анын айтымында, бул ошол адамдын моралдык гана жоопкерчилиги болуп калат.