Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 23-февраль күнү белгилүү саясий жана коомдук ишмерлердин аталары менен түшкөн сүрөттөрүн берүүнү туура көрдү.
Сүрөт түрмөктөн президент, өкмөт башчы, министр, депутат жана башка мамлекеттик кызматтарды аркалаган таанымал адамдардын аталары менен түшкөн сүрөттөрүн көрө аласыздар.
1 / 17
Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана атасы Нуркожо Мустали уулу. Ал 1936-жылы Кытайда туулуп, 2017-жылы дүйнө салган
© Фото / пресс-служба президента КР
2 / 17
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков атасы Шарип жана юрист агасы Искендер менен түшкөн сүрөт. Шарип Жээнбеков колхоздун башкармасы, райондук керек-жарак коомунун жетекчиси болуп иштеген
© Фото / из личного архива Сооронбая Жээнбекова
3 / 17
Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов Ноокат аймактык ооруканасынын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери
© Фото / пресс-служба правительства КР
4 / 17
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атасы Кыдырша Ташиев менен
© Фото / предоставлено Откурбеком Рахмановым
5 / 17
Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана атасы Сейитбек Өмүрбеков. Саясатчынын атасы КРдин транспортуна эмгек сиңирген ишмер, 40 жылдан ашык автотранспорт тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. СССРдин Ардак белгиси ордени, ЖКнын Ардак грамотасы менен ЖКнын 70 жылдыгына карата юбилейлик медаль менен сыйланган
© Фото / Гулбара Чормокеева
6 / 17
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон Балбак Түлөбаев жана анын атасы Зарлык Түлөбаев. Атасы 1930-жылы туулган, кесиби мугалим
© Фото / предоставлено Балбаком Тулобаевым
7 / 17
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков жубайы жана атасы Каары Алимбеков менен. Саясатчынын атасы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим
© Фото / предоставлено Нурбеком Алимбековым
8 / 17
Атасын кучактаган ЖК депутаты Айсулуу Мамашова. Эл өкүлүнүн атасы Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору, ишкер Турусбек Мамашов
© Фото / предоставлено Айсулуу Мамашовой
9 / 17
Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев атасы Мурсалы Асанбеков менен. Ал 1958-жылы төрөлгөн, былтыр каза болуп калган
© Фото / предоставлено Тилеком Токтогазиевым
10 / 17
Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров атасы Тойчубай Кочкоров менен. Саясатчынын атасы 1947-жылы Баткен районунун Кара-Бак айылында төрөлгөн. Кесиби инженер-механизатор, 45 жыл айыл чарба багытында эмгектенген. Азыр пенсияда
© Фото / предоставлено Улукбеком Кочкоровым
11 / 17
Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова жана атасы Жекшенбай Исмаилов. Саясатчынын атасынын кесиби инженер-механник, өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенген. 1946-жылы төрөлүп, 2014-жылы каза болгон
© Фото / предоставлено Аидой Исмаиловой
12 / 17
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана атасы Бейшеналы Жусубалиев. 1939-жылы туулган, Ат-Башы районунда паспорт столдун начальниги кызматын аркалаган
© Фото / пресс-служба МОН КР
13 / 17
Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева атасы Кабылбек Бешимбаев менен. Атасы юрист, укук коргоо ардагери, отставкадагы полковник
© Фото / предоставлено Айгерим Бешимбаевой
14 / 17
Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев атасы Чиркеш Текебаев менен. Атасы устачылык менен алектенип, трактор айдап, колхоздун ишин кылган адам болгон.
© Фото / предоставлено Омурбеком Текебаевым
15 / 17
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева атасы Жыргалбек Сурабалдиев менен. Атасы ишкерлик менен алектенип, кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2005-жылы көз жумган
© Фото / предоставлено Эльвирой Сурабалдиевой
16 / 17
"Бишкек" эркин экономикалык аймагын жетектеп жаткан Кудрет Тайчабаровдун атасы, белгилүү журналист Марип Тайчабаров (сол капталдагы). Ал 1961-жылы төрөлүп, 2012-жылы көз жумган
© Фото / предоставлено Кудретом Тайчабаровым
17 / 17
Вице-спикер Аида Касымалиева атасы Камчыбек Касымалиев менен. Саясатчынын атасы инженер-куруучу кесибине ээ болуп, ушул тармакта эмгектенген.
© Фото / предоставлено Аидой Касымалиевой