Кучактап, сыймыктанып... Белгилүү саясатчылардын атасы менен түшкөн сүрөттөрү
Кучактап, сыймыктанып... Белгилүү саясатчылардын атасы менен түшкөн сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Адатта ЖМКлар энелер күнүндө жана 8-мартта эл көзүндөгү адамдардын апасы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап келишет. Өлкөдө аталарга байланыштуу атайын майрам... 23.02.2021, Sputnik Кыргызстан
Адатта ЖМКлар энелер күнүндө жана 8-мартта эл көзүндөгү адамдардын апасы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап келишет. Өлкөдө аталарга байланыштуу атайын майрам белгиленбегендиктен, алар унутулуп калгандай сезилет.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 23-февраль күнү белгилүү саясий жана коомдук ишмерлердин аталары менен түшкөн сүрөттөрүн берүүнү туура көрдү.
Сүрөт түрмөктөн президент, өкмөт башчы, министр, депутат жана башка мамлекеттик кызматтарды аркалаган таанымал адамдардын аталары менен түшкөн сүрөттөрүн көрө аласыздар.
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков атасы Шарип жана юрист агасы Искендер менен түшкөн сүрөт. Шарип Жээнбеков колхоздун башкармасы, райондук керек-жарак коомунун жетекчиси болуп иштеген
Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана атасы Сейитбек Өмүрбеков. Саясатчынын атасы КРдин транспортуна эмгек сиңирген ишмер, 40 жылдан ашык автотранспорт тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. СССРдин Ардак белгиси ордени, ЖКнын Ардак грамотасы менен ЖКнын 70 жылдыгына карата юбилейлик медаль менен сыйланган
Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев атасы Мурсалы Асанбеков менен. Ал 1958-жылы төрөлгөн, былтыр каза болуп калган
Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров атасы Тойчубай Кочкоров менен. Саясатчынын атасы 1947-жылы Баткен районунун Кара-Бак айылында төрөлгөн. Кесиби инженер-механизатор, 45 жыл айыл чарба багытында эмгектенген. Азыр пенсияда
Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова жана атасы Жекшенбай Исмаилов. Саясатчынын атасынын кесиби инженер-механник, өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенген. 1946-жылы төрөлүп, 2014-жылы каза болгон
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана атасы Бейшеналы Жусубалиев. 1939-жылы туулган, Ат-Башы районунда паспорт столдун начальниги кызматын аркалаган
Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев атасы Чиркеш Текебаев менен. Атасы устачылык менен алектенип, трактор айдап, колхоздун ишин кылган адам болгон.
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева атасы Жыргалбек Сурабалдиев менен. Атасы ишкерлик менен алектенип, кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2005-жылы көз жумган
"Бишкек" эркин экономикалык аймагын жетектеп жаткан Кудрет Тайчабаровдун атасы, белгилүү журналист Марип Тайчабаров (сол капталдагы). Ал 1961-жылы төрөлүп, 2012-жылы көз жумган