Автоунааны жазга кантип даярдаш керек. Эксперттин кеңеши

Адис автокөлүктү жайында азыраак айдаса көп көйгөй жаралбастыгын, ал эми күн суук учурда токтотуп коюу терс таасирин тийгизерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Автоунааны кышында жазга чейин такыр эле айдабай токтотуп коюуга болбой тургандыгын Sputnik радиосуна Москвадагы автомобиль-жол боюнча мамлекеттик университетинин окутуучусу Лев Зиманов айтып берген.
Анын айтымында, эгерде автокөлүктү жайында азыраак айдаса көп көйгөй жаралбайт, ал эми күн суук учурда токтотуп коюу терс таасирин тийгизет. Андыктан кышында автоунааны колдонуп, иштетип, жок дегенде айына эки ирет айдап чыгып туруш керек.
"Кыш мезгилинде машина аз жүргөндүктөн, анын ысып турушунда, тетиктеринин иштешинде маселе жаралат. Жок дегенде эки аптада бир жолу кеминде 10-12 чакырымга саатына 90 ылдамдык менен айдаш керек", — деген аталган окуу жайдын доценти Зиманов.
Авто адис тайгакта тормозду басуудагы каталарды санап берди
Анын айтымында, күн суукта гаражга токтотуп койгон темир тулпарды жазга алдын ала даярдаш керек. Ал үчүн стандарт катары кабыл алынган сунуштар бар.
"Жаздын алдында бир жарым же эки ай мурда гаражга кирип, тормоз жана бири-бири менен чиркелген механизмдерди "кыймылга келтирген" желим элементтерди майлаш үчүн педалды улам-улам басып туруш керек", – деп кеңеш берген Зиманов Sputnik радиосуна берген маегинде.
Буга чейин Sputnik автоэкспертке таянып, айдоочулардын кайсы жаман адаттары автоунаага зыянын тийгизерин жарыялаган.