Гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап мамлекеттин эсебинен дарыланууга өттү

Бүгүнкү күндө өлкөдө бюджеттик негизде 1 896 адам гемодиализ алат, анын көбү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан, азыраагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багыты менен алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бөйрөк оорусунун 5-стадиясы менен жабыркап, өз каражатына гемодиализ алып жүргөн 205 бейтап эми аны бюджеттин эсебинен ала турган болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кант диабети менен ооругандар арзандатылган тесттерди сатып алса болот
Бүгүнкү күндө өлкөдө бюджеттик негизде 1 896 адам гемодиализ алат, анын ичинен 1613ү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан, 283ү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багыты менен "Фрезениус Медикал Кеа" гемодиализ борборунан алышат.