Мамлекеттик күзөт кызматындагы Талантбек Исаев иштен кетти

Талантбек Исаевдин ордуна Ички иштер министрлигине караштуу Ички иликтөө кызматынын жетекчиси Талантбек Акматов келди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Милициянын генерал-майору, ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Исаев өз каалоосу менен отставкага кетти. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Исаевдин кызматтан кеткен себеби азырынча белгисиз. Анын ордуна ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси Талантбек Акматов келди.

Талантбек Исаев Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевдин бир тууган агасы.