УКМК Райым Матраимов жана башка кызматкерлердин коррупциялык схемасын аныктады

Бажыдагы коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилгени белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы коррупция фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурунку орун басары Райым Матраимов жана башка кызматтык адамдар бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Бул ишке сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн тараптар да катышкан", — деп айтылган маалыматта.

Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилгени белгиленет.

Ташиев: Райым Матраимовду кармап келүүгө бүгүн тапшырма берем

Учурда Бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.