https://sputnik.kg/20201016/rayym-matraimovdu-karmalat-tashiev-1050099208.html
Ташиев: Райым Матраимовду кармап келүүгө бүгүн тапшырма берем
Ташиев: Райым Матраимовду кармап келүүгө бүгүн тапшырма берем
Sputnik Кыргызстан
Ташиев Матраимов менен соңку бир жылдан бери жолуга электигин, бир эле жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кошумчалады. 16.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-16T18:57+0600
2020-10-16T18:57+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104739/11/1047391105_0:0:963:541_1920x0_80_0_0_1471e7165ea486f592001923426dcc54.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104739/11/1047391105_0:0:721:541_1920x0_80_0_0_3b66dfba9cc78e98d8747670a4851591.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, камчыбек ташиев, райымбек матраимов, укмк, райым матраимовдун кармалышы
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, камчыбек ташиев, райымбек матраимов, укмк, райым матраимовдун кармалышы
Ташиев: Райым Матраимовду кармап келүүгө бүгүн тапшырма берем
18:57 16.10.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ташиев Матраимов менен соңку бир жылдан бери жолуга электигин, бир эле жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду таап, кармап келүүгө бүгүн тапшырма берем. Бул тууралуу УКМКнын төрагалыгына дайындалган Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал учурда Матраимов Кыргызстанда же башка өлкөдө экенинен кабары жоктугун айтып, өлкө аймагында болсо кармаларын белгиледи.
Камчыбек Ташиев УКМКга эмне максат менен жетекчи болгонун айтты
"Кыргызстанда жемкордукка аралашкан бардык адамдарды кармап, коррупциядан тазалайбыз. Менин бул кызматка келгенимдин негизги максаты да ушул. Райымбек Матраимовду табууга бүгүн тапшырма берем, аны кармап келип эл алдына алып чыгышыбыз керек. Мындан ары эч кимге аёо болбойт", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Матраимов менен соңку бир жылдан бери жолуга электигин, бир эле жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кошумчалады.