Бишкекте жолтандабастын айдоочусу БТР-70 аскер техникасын сүзүп алды. Видео

Атайын техникалардын колоннасы өзгөчө абал режими алынгандан кийин туруктуу жайгашкан жерине кайтып бара жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкекте жолтандабас менен сооттолгон аскер техникасы (БТР-70 М) кагышты. Бул тууралуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 16-октябрда Профсоюз көчөсүндө болгону айтылат. Кырсыктын видеосу “Короче” Telegram-каналына жарыяланды.

“Атайын техникалардын колоннасы өзгөчө абал режими алынгандан кийин туруктуу жайгашкан жерине Кайгуул милициянын коштоосунда кайтып бара жаткан. Профсоюз көчөсүнө жеткенде Lexus LX 470 автоунаасын айдап бараткан аял жол эрежесин бузуу менен колоннадан ашып өтүүгө аракет кылган. Натыйжада БТР-70 М техникасын сүзүп алды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аскер автоунаасы “Ала-Арча” резиденциясынын тосмосун сүзүп алды. Видео

Бул кырсыктан жаракат алгандар болгон жок. Lexus LX 470  автоунаасы олуттуу зыянга учураган эмес.