БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Россиянын гуманитардык миссиясы" Каракол шаарындагы №2 гимназияда орус тил кабинетин ачты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын иш-чарага катышкан жергиликтүү кабарчысы маалымдады.
Эске салсак, 2017-жылдын декабрь айында аталган миссия Ысык-Көл облусунун бир нече мектебине 22 миң даана китеп белек кылган. Анда мектеп директорлору облуста орус тилдүү китептер жетишсиз болгондуктан, тилди үйрөтүү көйгөйлөрү бар экенин айтышкан. Мындан улам Каракол шаарында орус тил кабинетин ачуу чечими кабыл алынган.
№2 гимназиянын директору Лилия Сакеева бул нерсе окуучулар үчүн тил үйрөнүүдө бир топ мүмкүнчүлүктөрдү берерин айтты.
"Орус тил классын ачуу боюнча биздин мектеп тандалганына кубанычтабыз. Аба каттамдары ачылган соң китепканага көптөгөн окуу китептер менен көркөм адабияттар алып келинет. Кабинет заманбап жасалгаланып, жабдуулар орнотулушуна Россиянын Ысык-Көлдөгү аскер бөлүгүнүн командири Антон Темнохудов өзү көзөмөл кылды", — деди Сакеева.
Жекшенкулов: Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп жардамды Кыргызстанга берди
"Россиянын гуманитардык миссиясы" коммерциялык эмес уюмунун башкы директорунун орун басары Людмила Никитинанын айтымында, орус тил кабинетин ачуу иш-чарасынын алкагында ошол мекеменин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана узакка созулган гуманитардык кызматташуу каралган. Негизги максат — орус тилин жайылтуу.
Кабинетке керектелчү эмерек, техниканын бардыгы класс кайсы мамлекетте ачылып жатса, ошол жактан сатып алынат. Ал эми окуу-усулдук базасын түзүү Россияда ишке ашат.