Ысыккөлдүк ишкана Кытайга сүт экспорттой баштайт

Ишкана жакынкы жылдары  сүт өндүрүүнү суткасына 70-80 тоннага чейин көбөйтүү, күнүнө 10 тонна быштак (сыр) чыгаруу кубаттуулугуна жетүү  планын койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 2021-жылдан тартып ысыккөлдүк ишкерлер Чүй облусундагы өнөктөштөрү менен биргеликте Кытайга сүт жана сүт азыктарын экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун аталган облуста болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жээнбеков Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

"Учурда бул ишкана Кант шаарындагы өнөктөшү менен бир соода маркасынын алдында товар өндүрүп, Россия, Казакстан, Тажикстандын рыногуна чыгарып жатат. 2021-жылдан тартып Кытайга экспорттоону баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкана бир нече кабыл алуу пунктуларына жана муздаткыч жайларына ээ. Бул жерге Каракол шаарынын, ошондой эле Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун жергиликтүү фермерлери сүт өткөрөт. Завод Ысык-Көл облусундагы райондордун 70тен ашуун айылдарындагы алты миңден ашуун дыйкан чарбалардын сүтүн кабыл алууда, муну менен бирге аймактагы айыл чарба өнүгүүдө.

Алар жакында сүт өндүрүүнү суткасына 70-80 тоннага чейин көбөйтүү, күнүнө 10 тонна быштак (сыр) чыгаруу кубаттуулугу менен европалык деңгээлдеги автоматташтырылган быштак жана коюлтулган сүт өндүрүү боюнча линияны ишке киргизүүнү пландап жатат.

Эске салсак, президент Ысык-Көлдө эки күндүк иш сапары менен жүрөт.