Өмүрбекова сурактан чыкты. Мурдагы вице-премьер кандай суроолор болгонун айтты

10-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова сурактан чыкканын, ал жакта эмне суроолор болгону тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эске салсак, бүгүн, 10-июлда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер Өмүрбекованы суракка чакырган.

Ал "коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берген.

"Баары жакшы, мен сурактан чыктым. Кытай тарап берген гуманитардык жардам боюнча бир нече суроолор берилди. "Өмүрбекова дары-дармектерди башка өлкөлөргө саткан" деп мени каралагандарга айтарым бар. Дал ушул Өмүрбекованын демилгеси менен пандемия убагында дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салуу боюнча буйрук кабыл алынган. Андыктан бирөөнү күнөөлөөдөн мурда кабарды такташ керек. Азыр эң башкысы бул вирусту жеңишибиз керек. Калганы маанилүү эмес", — деген ал.

Буга чейин аталган иш боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да сурак берген.