00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:07
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Автоунаа ойдуңга 20 метрдей кулаган. Ала-Белдеги кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүСынган унаанын салону. Архив
Сынган унаанын салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка кабылган автоунаада жалпы беш адам болгон. Экөөсү ооруканага түшкөн. Калган үчөөнүн абалы жакшы дешти.

ОШ, 29-май – Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында Honda Stepwgn автокөлүгү белден тик ылдый кулап, эки адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 29-май күнү, саат 16:30дар чамасында катталган.

Буга чейин аталган кырсыктын видеосу интернет айдыңга тарап, милиция жүргүнчүлөрдүн абалын тактап жатканы айтылган.

Аксы районунун жашоочусу өзүнө таандык Honda Stepwgn автоунаасы менен Бишкек шаарын көздөй бара жаткан.

Последствия ДТП на перевале Кок-Бел - Sputnik Кыргызстан
Ош–Бишкек жолунда автоунаа тик ылдый кулап, төрт киши көз жумду. Сүрөт
Бишкек-Ош жолунун 219-чакырымында автокөлүк белден ойдуңду көздөй 15-20 метр аралыкка кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү жаракат алып, Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Милициянын маалыматына караганда, калган үч жүргүнчүнүн абалы жакшы болгондуктан башка автоунаа менен Бишкекти көздөй жол тарткан.

Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби териштирилип жатат.

"Айдоочу автоунаасы менен ойдуңду көздөй кулаганда өзүн жоготпой, рулду туура башкаргандыктан бир аңтарылып, токтоп калган", — деди Сатыбалдиев.

Ооруканага түшкөн эки жаран учурда дарыланып жатат. Абалы орто экени кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0