Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутатынын бир тууган агасын атып кетишти

Атылган ок жабырлануучунун жамбашына жана белине тийген жана жалпысынан  алты жеринен жаракат алган.
Sputnik

ОШ, 27-май – Sputnik. Жалал-Абад шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионун белгисиз эки киши атып кетти. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Кылмыштуу топтун мүчөсү "Казак" кыз зордуктап 10 жылга кесилди
Анын айтымында, жабырлануучу 43 жашта. Окуя 2020-жылдын 26-май күнү болжол менен 22:00 чамасында Жалал-Абаддын Манас көчөсүндө болгон.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан шаардык милициянын 102 кызматына 1977-жылы туулган А.С. аттуу жаран ок жеп түшкөндүгү кабарланган.

Милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн. Аталган аймактан белгисиз травматикалык тапанчадан атылган желим октор алынып, күбөлөр суралып, тиешелүү материалдар чогултулган.

Топтолгон материалдар Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милициянын Кочкор-Атада кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган видеосу
Алдын ала жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгында, окуя Манас көчөсүндө болжол менен саат 22:00 чамасында жабырлануучуну көздөй эки киши 3-4 жолу ок чыгарышкан. Алдын ала берилген маалыматтарда, кол салгандар азиат тектүү 20-25 жаштардагы адамдар. Шектүүлөр окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Учурда аталган кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Облустук ооруканын сынык-жаракат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайланов билдиргендей,  жабырлануучу денесинин алты жеринен жаракат алган.  Желим ок  жамбашына, белине тийген. Денесине  4-4,5 саниметрдей кирип кеткен. 

«Бейтаптын абалы орто, сынык-жаракат бөлүмүндө дарыланып жатат», - деди Тайланов.

Укук коргоо органдарындагы маалымат булактары жабырлануучу С.А. алыш күрөшү боюнча Азия чемпиону жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун бир тууган агасы экендигин айтышты.