Алып коебуз! Бишкек коменданты велосипед тээп жүргөндөргө эскертүү берди

Комендант жүйөлүү себепсиз көчөгө чыгып ойноп жүргөн балдардын велосипеди убактылуу алынарын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев балдарын көчөгө ойногону чыгарып жаткан ата-энелерге эскертүү берди.

Анын айтымында, күн жылыган сайын көчөдө, сквер, парктарда ата-энелер жаш балдары менен сейилдеп жүргөнү байкалууда.

“Кээ бири коляска менен, кээ бири велосипед тээп жүрөт. Ата-энелерге айтарым, балдарга акыл-насаат айтып, өзгөчө абал жөнүндө түшүндүрүп, колдон келишинче үйдө отургула. Кимде-ким санитардык норманы аткарбай көчөдө жүрсө, велосипеди убактылуу алынат. Мен балдар ойногусу келип жатканын түшүнүп турам, бирок мындай жол менен ооруну жеңе албайбыз”, — деди Орозалиев.

Ошондой эле ал бул вирусту жеңүүгө аз гана убакыт калганын белгилеп, эл тарабынан чыдамкайлык керектигин айтуу менен сөзүн жыйынтыктады.

Коронавирус жуктуруп албагыла! Бишкек коменданты шаардыктарга кайрылды
Эске салсак, борбор калаада 115 адамдын COVID-19 жуктуруп алганы маалым. Өткөн суткада оору калаанын төрт тургунунан табылган.

Республика боюнча коронавируска кабылган адамдардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы, жетөө каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.