Абылгазиев аэропортко барып коронавирустан коргонуу иштерин текшерди. Сүрөт

Өкмөт башчы барган маалда Түркиядан келген 150 жүргүнчү текшерилип жаткан. Алардан кооптуу вирус аныкталган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Манас" эл аралык аэропортуна барып чет өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдү коронавирустан текшерүү иши менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев аба майданга барган маалда Түркиядан келген 150 жүргүнчү текшерилип, алардан кооптуу вирус аныкталган эмес.

"Аэропортто иштеген медицина кызматкерлеринин жана аткаминерлердин милдети — өлкөгө коронавирустун киришине бөгөт коюу. Бүгүнкү күндө бизде вирус катталган жок. Ошого карабастан сак болуп, жерибизге келген ар бир адамды текшерүүгө тийишпиз. Ал тургай, дене табынын жогору болушун гана эмес, келгенге чейин кайсы өлкөдө болгонун да текшерүү зарыл", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы убактылуу обсервация жайына дагы барган. Ал жерде 14 күндүк карантинге алынган 122 адам бар экени айтылды.

Коронавирус күч алган өлкөлөрдө канча кыргызстандык бар? ТИМдин жообу
"Дүйнөдө кырдаал начарлап жатат, ал эми өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал бул жердеги дарыгерлердин жоопкерчилигинен жана сактыгынан көз каранды. Биз коронавирустун киришине жол бербешибиз керек. Силер өтө чоң тобокелдикке карабай, өз ишиңерди так аткарып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдирем", — деди Абылгазиев.

Мындан сырткары, ал бардык өткөрмө жайларда көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле текшерүүчү кызматкерлерди тийиштүү гигиеналык жана коргоочу каражаттар менен камсыздоону тапшырды.

Белгилей кетсек, бир ай мурда Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус тездик менен жайылып, Япония, Түштүк Корея, Иран жана Италияда күч алганы белгилүү болду. Кыргызстан аталган өлкөлөрдүн жарандарын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды. Ал эми Кытай менен чек аралар жабылып, авиакаттамдар токтотулган.