БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу — 2019" сынагынын жеңүүчүсү болуп ямайкалык 23 жаштагы Тони-Энн Сингх аныкталды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жаңы дүйнө сулуусуна таажыны 2018-жылы жеңүүчү деп табылган мексикалык Ванесса Понсе де Лоен өткөрүп берди.
Ал эми биринчи вице-мисс наамы франциялык Офели Мезиного буйруса, индиялык Суман Рао экинчи вице-мисс болду.
Ушуну менен Ямайка өлкөсүнүн бийкечтери экинчи ирет беделдүү сынактын баш байгесине ээ болууда. Биринчи жолу 1993-жылы "Дүйнө сулуусу" наамын алган.
Сынактын финалы 14-декабрда Лондондо өттү.
Бул конкурска Кыргызстандын атынан 24 жаштагы Екатерина Заболотнова катышты. Бирок анын катышуусу талашка түшкөн. Себеби быйыл "Кыргызстан сулуусу" деп Айжан Чаначева табылган болчу.