БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. АКШлык жубайлар Майкл менен Кристин Барнетт украиналык Натальяны асырап алып, чырмалышкан окуяга туш болушту. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.
2010-жылы жубайлар украиналык сегиз жаштагы кызды асырап алышкан. Жеткинчектин сөөктөрүнүн өрчүшү бузулуп, эргежээл болуп калган. Ал АКШга 2008-жылы келип, Флоридада башка үй-бүлөдө жашап жүргөн. Бирок эки жылдан кийин алар баладан баш тартып, себебин түшүндүрүшкөн эмес. Ал эми соттук документтерге караганда, камкорчулар баланы карай албай койгондуктан атайын агенттик жеткинчекке башка үй-бүлө издөөгө аргасыз болгон.
Бул окуядан кийин Натальяны багып алган ата-эне анын жаш курагы 22де деп өзгөртүү үчүн арыз жазышкан. Сот түгөйлөрдүн аргументтерин туура деп таап, арызды канааттандырган.
Бир жылдан кийин үй-бүлө Канадага көчүп кеткен. Бирок Натальяны ижарага алган Лафейеттеги (Индиана штаты) батиринде калтырып коюшкан.
"Биз уулубуздун билим алуусуна жардам берели деп Канадага көчүп кеткенбиз. Наталья камсыздандырылган болчу. Ошондой эле социалдык жактан коргоого алынган эле. Ал бизге жалгыз жашап кете аларын далилдеген", — деди Кристин басылмага интервью берип жатып.
Наталья бир нече ай Барнеттердин ижарага алган батиринде жашаган. Бирок 2014-жылы үйдүн ижара акысын төлөбөгөндүгү үчүн чыгарып салышкан. Бүгүнкү күндө анын кайсы жакта экени белгисиз.
Полиция болсо Майкл менен Кристин Барнетт баладан кутулуу үчүн Канадага көчүп кеткенин божомолдоодо. Учурда аларга кызды карабай койгондуктары үчүн айып тагылууда. Соттук териштирүү учурунда жубайлар ажырашып кетти.