Бердымухамедов Медведевге алабайдын күчүгүн белек кылды. Видео

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге Ашхабадга болгон иш сапары учурунда алабайдын күчүгүн белек кылды.
Sputnik

Күчүк чочубастан Медведевге келип, ал сылагандан кийин килемдин үстүнө жатып алган. Муну көргөн Бердымухамедов "ээсин тапты окшойт" деп тамашалады.

Өз кезегенди Россиянын премьери Медведев Бердымухамедовго 1939-жылы чыккан "Түркмөнстандын архитектуралык эстеликтери" аттуу раритет китепти белек кылды.