Жээнбеков ички саясаттын негизги багыты эмнеде экендигин айтты

Мамлекет башчы өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк, коомдун биримдиги, улуттар аралык ынтымак негизги байлык экенине токтолду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, өлкөдөгү ички саясий абалды жакшыртуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканына токтолду.

Анын айтымында, ички саясаттын негизги багыты катары коомдун ынтымагы менен элдин биримдиги саналат.

"Ар кандай чагымчыл күчтөрдүн иш-аракеттерине чечкиндүү бөгөт коюп, элдин тынч жашоосун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иштерди тынымсыз жүргүздүк. Өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк, коомдун биримдиги, улуттар аралык ынтымак биздин негизги байлыгыбыз. Ошондуктан коомдун ынтымагын чыңдоо, коомдук тартипти сактоо маселеси дайыма менин көңүл борборумда", — деди ал.

Андан сырткары, ички жана чек арадагы коопсуздукту сактоо үчүн чечкиндүү чара колдонуу, мамлекеттин тынчтыгын коргоо башкы милдети бойдон кала берерин белгиледи.