Россияда 2020-жыл Кыргызстандын жылы болот

Россия 2020-жылды Кыргызстанга, ал эми Кыргызстан Россияга арнамакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия 2020-жылды бири-бирине арнайт деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков коңшу мамлекеттин лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда.

Жээнбеков Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки өлкөнүн өз ара мамилесиндеги тарыхый маанилүү окуя экендигин айтты. Анын айтымына караганда, жолугушуу өз ара ишеним жана түшүнүшүүнүн маанайында өттү.

"Биз 2020-жылды Кыргызстан Россияга, ал эми Россия Кыргызстанга арноо туурасында макулдаштык. Өтө турган иш-чаралар биздин стратегиялык кызматташтыгыбызды бекемдемекчи. Бул сапарда маанилүү делген эл аралык суроолор боюнча пикир алыштык. Аймактык уюмдардын алкагында өз ара кызматташууну да карадык", — деди Жээнбеков.

Президент эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн активдешип бара жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Жээнбеков Путинден кыргызстандык мигранттарды колдоону өтүндү
Эске салсак, бүгүн, 2019-жылдын 28-мартында, РФ президенти Владимир Путин Кыргызстанга бир күндүк мамлекеттик сапар менен келди. Анын келишине карата Кыргызстанда бир канча эки тараптуу жолугушуулар, форумдар, иш-чаралар уюштурулду.

Алардын эң ирилери — "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы кыйырлары" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференция, "Илим жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестициялар" аталышындагы I форум болду.

Визиттин жыйынтыгы менен кызматташуу боюнча эки тараптуу 30 документке кол коюу күтүлүүдө. Сапардын учурунда эмне болуп жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.