Президент Владимир Путин Кыргызстанга келди - Sputnik Кыргызстан

Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кандай өтүп жатат. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путинди эл аралык "Манас" аэропортунан мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны өтөт. Андан сырткары 27-мартта Кыргызстан менен Россиянын ишкер чөйрөсүнүн катышуусу менен кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциясы өттү.

Эки мамлекеттин президенттери журналисттер үчүн жыйын курат. Путиндун мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 30дай документке кол коюлат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги онлайн-репортаж кылууда. Маалыматтар такай жаңыланып турат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:53 28.03.2019

Владимир Путин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарын жыйынтыктап жатып, Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл койду.

Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон баатырларды эскерди.

18:59 28.03.2019
Реакция Путина на подарок Жээнбекова — скакуна и тайгана. Видео - Sputnik Кыргызстан
Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео
18:46 28.03.2019
17:36 28.03.2019

"Хаятта" кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциясы өтүүдө.

Государственный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
17:34 28.03.2019
16:59 28.03.2019

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын президенти Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбековдун 28-мартта сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Андан тышкары, төмөндөгү документтерге кол коюлду:
-Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрынан Кыргыз Республикасынын аймагында Россиянын Бириккен аскердик базасынын статусу, жайгашуу шарттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Протокол.

-Аскердик-фельдъегердик-почта байланышы жаатында кызматташтык жөнүндө Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуу.

-Мунай жана мунайзатты жеткирүү чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

-Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Россиянын Экономика министрлигинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча өз ара иштешүү жөнүндө Меморандум.

-Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана иновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Россиянын интеллектуалдык менчик боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы PatSearch патенттик издөөнүн маалыматтык-издөө системасына кирүүгө уруксат берүү тууралуу Макулдашуу.

-Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги, "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы менен Россиянын транспорт министрлиги, "Россия темир жолдору" ачык акционердик коомунун ортосунда Кыргызстандын аймагындагы темир жол тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө Меморандум.

-Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум.

-Кыргызстандын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Россиянын спорт министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум.

-Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Россиянын адамдын бакубаттуулугун жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

-Кыргызстандын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы менен Россиянын Улуттар иши боюнча Федералык агентигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

-Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети менен Россиянын "Газпром" ачык акционердик коомунун ортосундагы мунайгаз тармагындагы инвестицияга тийиштүү жол картасы.

-ВТБ банкы менен "Группа Альянс" ААК жана "Альянс Алтын" ЖЧКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

-Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү фондусу менен Россиянын түз инвестициялар фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

-"Астра Солар", "Хэвел" ЖЧКлары менен ВЭБ мамлекеттик корпорациясынын ортосунда продукцияларды экспорттоо жөнүндө Меморандум.

-Кыргызстан менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-2021 жылдарга кызматташтык жөнүндө Жол картасы.

-Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Россиянын ректорлор союзунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

-Кыргызстандын президенттинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясы менен Россиянын президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат Академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандум.

16:45 28.03.2019

Журналисттер "Хаят" мейманканасынын маалымат борборунда кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциясын күтүшүүдө.

Государственный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
16:13 28.03.2019
16:00 28.03.2019

Россиянын президенти Владимир Путин брифинг учурунда быйыл июль жана ноябрь айында Бишкекке келерин айтты. Ал ошондой эле тараптар аймактагы негизги делген маселелер боюнча орток пикирде экенин белгиледи. Тактап айтканда ЖККУдагы жана дүйнөлүк аянтчалардагы ишти ийне-жибине чейин координациялоо.

"Белгилей кетсем, Кыргызстан ШКУ менен ЖККУда төрагалык кылат. Биз ШКУ менен ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Бишкекке июль жана ноябрь айында сүйүнүү менен келебиз", — деди Путин.

Ал өнөктөштөр менен саммитте маанилүү маселелер талкууланат деп ишене турганын кошумчалады.

15:44 28.03.2019

Кийинки жылы Кыргызстан Россиянын жылын жарыяласа, Россия Кыргызстандын жылын жарыялайт. Тийиштүү сүйлөшүүгө Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттин сапары алкагында жетишилди.
Жээнбеков Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-орус мамилелериндеги тарыхый окуя экенин айтты.
"2020-жылы Кыргызстанда Россиянын, Россияда Кыргызстандын жылын өткөрүү боюнча сүйлөштүк. Бул аракеттер биздин стратегиялык өнөктөш катары мамилебизди чыңдайт. Ошондой эле эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алыштык. Аймактык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу маселелерин да карадык", — деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы андан сырткары товар айлантуунун көлөмү да артканын канааттануу менен белгиледи. Жээнбеков эки тарап тең айыл-чарба жаатында шарт түзүүгө жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.
Белгилей кетсек, Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди.

15:32 28.03.2019

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы менен Россиянын Коргоо министрлиги маанилүү протоколго кол койгонун штабдын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жаңы протоколдун Кыргызстанга тийгизген пайдасы абдан көп.

"Бул протоколдун негизинде Кыргызстандын аскер кызматкерлери Россиянын аскерлери менен бирдикте өзү учуучу аппараттарды колдонгонго үйрөнүшөт. Бул Кыргызстандын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле биздеги Россиянын базасын кайтарууга керек. Андан сырткары Россия менен Кыргызстан колдонуп келген учуучу тилкелер модернизация болот", — деди ал.

Дүйшөмбиев андан сырткары Россиянын авиабазасы Кыргызстандагы жерди колдонгону үчүн көбүрөөк ижара акы төлөй турганын кошумчалады.

"Жылына 4,5 миллион доллар төлөнүп келген, жаңы протоколдун негизинде жерди, көлдөгү акваторияны колдонгонго  4 миллион 790 миң доллар төлөнөт. Бул протоколго кол коюу да эки тараптын аскердик байланыштары күчөгөнүн тастыктап турат. Мындан ары да аскердик техникалык байланыштар күчөтүлөт", — деди ал.

Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын жетекчисинин айтымында, учурда Кыргызстандын 500дөн ашык аскер кызматкери Россиянын Коргоо министрлигинин жогорку аскер окуу жайларында бекер окуп жатканын белгиледи. Дүйшөмбиев ошондой эле өз сөзүндө Россия дайыма аскердик техникалык жардам берип келерин, ошонун негизинде Кыргызстан курал жарак, аскердик техника менен камсыз болуп жатканын баса белгиледи.

15:25 28.03.2019

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда күн нуру менен иштеген батареялардын монокристалл пластиналары чыгарыла баштай турганын белгиледи.

Ал ошондой эле эки мамлекеттин компаниялары "Жерүй" алтын кенин иштете турганын айтты.

"Алдыдагы 20 жылда жалпы инвестициянын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Андан сырткары Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду ишке ашырууда күн нуру менен иштеген электрстанцияларынын монокристалл пластиналары чыгарыла баштайт", — деди Путин.

Россиянын президенти ошондой эле россиялык компания Кыргызстанда заманбап диоддук жабдууларды чыгарууга кызыкдар экенин белгиледи.

14:47 28.03.2019

Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырганына ыраазычылык билдирди.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчыларынын тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйыны аяктады. Путин мындан ары да эки өлкөнүн байланыштары чыңдала берерине ишене турганын айтты.

Россиянын президенти ошондой эле соода-экономикалык кызматташууга дайыма артыкчылык берилерин белгиледи. Путин бүгүнкү күнү Кыргызстандын Россия анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон байланышы жакшырып жатканына токтолду. Андан сырткары ал Жээнбековдун 2019-жылды мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жылы деп жарыялоо боюнча сунушун колдой турганын билдирди.

14:39 28.03.2019

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен тар чөйрөдө жолукканда эки мамлекеттин мамилелери бардык тармакта жакшырып жатканын айтты. Анын ичинде транспорт, соода, аскер-техника тармактары бар.
Жээнбеков ошондой эле Кыргызстандын жарандарына каралган миграциялык мунапыска ыраазычылык билдирип, ал чоң колдоо экенин белгиледи.
"Тар чөйрөдөгү жолугушууда бардык маселелер боюнча аз ара түшүнүштүк. Акыркы убакта биздин байланыштар дагы да чыңдалды", — деди Жээнбеков.

14:33 28.03.2019
Государственный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
13:14 28.03.2019

Россиянын президентинин аппаратынын кызматкери россиялык айрым журналисттердин сыны эртелик кылганын, иш чара мыкты уюштурулганын айтты.

12:56 28.03.2019

Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин расмий жолугушуусу

12:40 28.03.2019
12:35 28.03.2019

Коомдук биринчи канал Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун расмий жолугушуу аземин түз алып берүүдө.

12:33 28.03.2019

Владимир Путинди тосуп алуу салтанаты жаңы протокол менен өттү.

12:30 28.03.2019

Эки мамлекеттин башчылары коштоп келген делегациялар менен саламдашты.

12:28 28.03.2019

Россиянын президенти Владимир Путин Улуттук гвардиянын ардак кароолу менен кыргызча "Салам аскер" деп учурашты.

Церемония встречи президента РФ Владимира Путина в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Салам, аскер! Путин Ардак кароол менен кыргызча учурашты. Видео
12:25 28.03.2019

Путиндин автоунаасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы Конгресс-Холлго келип токтоду. Россиянын жана Кыргызстандын гимни жаңырды.

Эки өлкөнүн гимнин аскерий оркестр ойноду. Мамлекет башчыларын Улуттук Гвардиянын ардак кароолу тосту.

12:15 28.03.2019
12:07 28.03.2019

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди күтүп жатат. Эки мамлекет башчыларынын жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

11:32 28.03.2019

Өкмөт мүчөлөрү менен журналисттер президенттердин жолугушуусун экрандан көрүшөт. Ал үчүн залга атайын телевизор коюлду.

Подготовка в госрезиденции к встрече президента РФ Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
11:26 28.03.2019

Протоколдун кызматкерлери документтерге кол коюу үчүн даярдыктарды көрүүдө. Алдын ала калемсаптарды текшерип, документтер аралашып кетпеши үчүн аларга сары стикерлерди чаптап коюшту.

Подготовка в госрезиденции к встрече президента РФ Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
11:13 28.03.2019

Мамлекет башчыларынын жолугушуусуна даярдыктар көрүлүүдө.

Подготовка к визиту президента РФ Владимира Путина в госрезиденцию - Sputnik Кыргызстан
11:11 28.03.2019

Кыргызстан менен Россиянын президенттери "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жолугууда.

Подготовка к визиту президента РФ Владимира Путина в госрезиденцию - Sputnik Кыргызстан
10:50 28.03.2019

Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда тар жана кеңири курамда жолугушуу болот. Документтерге кол коюлуп, президенттер журналисттер үчүн билдирүү жасайт. 

Андан кийин план боюнча мамлекет башчылары Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып, андан ары орус-кыргыз аймактар аралык VIII конференцияна катышат.

09:53 28.03.2019
09:49 28.03.2019

ЖКККББ убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, транспорт каттамдарын алдын ала пландаштырууну эске салат.

Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки күн көчөлөр жабылып турат
09:43 28.03.2019

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары эки тараптуу кызматташууну мындан ары да чыңдай турганын КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында айткан.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Египет - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз бийлиги Путиндин мамлекеттик сапарынан эмнелерди күтөт
09:39 28.03.2019
09:37 28.03.2019

Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Эксперттердин пикири.

Монеты России - Sputnik Кыргызстан
Путиндин келиши менен россиялык банктар КР рыногуна кирет. Эксперттик пикир
09:33 28.03.2019

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Бишкекте өзүнүн Aurus лимузини менен жүрөт.

Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны өтөт. Андан сырткары 27-мартта Кыргызстан менен Россиянын ишкер чөйрөсүнүн катышуусу менен кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциясы өттү.

Эки мамлекеттин президенттери журналисттер үчүн жыйын курат. Путиндун мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 30дай документке кол коюлат.

09:30 28.03.2019

Путинди эл аралык "Манас" аэропортунан мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Госвизит президента РФ Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Россиянын президенти Путин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди
09:28 28.03.2019

Урматтуу окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттиги Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүн онлайн-репортаж түрүндө сиздерге сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0