Кыргызстандагы фонд Москвадан эң кымбат соода комплекс сатып алды

Бул Россиянын 2018-жылдагы кыймылсыз мүлк рыногундагы эң ири соодалашуу болуп эсептелет дешти.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Москва шаарындагы Автозавод көчөсүндөгү "Ривьера" көңүл ачуучу жана соода комплекси Кыргызстандагы эң ири инвестициялык фондунун карамагына өттү. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Комплексти Сергей Гордеевдин ПИК акционерлер тобуна кирген "Хорус" компаниясынан KLS Eurasia Venture Fund сатып алган. Объект канчага соодалангандыгын эки тарап тең ачыктаган жок. Анткен менен рыноктогу эксперттер муну 15-20 миллиард рублге баалап жатат. Бул Россиянын 2018-жылдагы кыймылсыз мүлк рыногундагы эң ири соодалашуу болуп эсептелет дешти.

"Ривьера" көңүл ачуучу соода борборунун аянты 298 миң чарчы метр. Ал мурдагы Автозавод көчөсүнүн аймагында жайгашкан. Курулуш "Москва банкынын" менеджментине байланышкан кризиске, тагыраагы 2008-жылга чейин башталган. Андан соң объект менен банкка көзөмөл кылуу ВТБга өткөн. Алар комплексти Гордеевге 350 миллион долларга саткан, бирок аны толук бүтүрүүгө 180 миллион доллардай инвестиция зарыл эле деп айтылат маалыматта.

Президент: Россия — өлкө экономикасынын эң башкы инвестору
KLS Eurasia Venture Fund учурда KLS Securities деп аталган инвестициялык компанияга карайт. Ал постсоветтик өлкөлөрдө коммерциялык кыймылсыз мүлк жана инфраструктураны өнүктүрүү менен алектенет. Бул анын Россиядагы биринчи долбоору. KLS Securities компаниясынын бенефициар (түшкөн каражатын, пайдасын алып туруучу тарап же киши) коомго анча көп маалым боло бербеген Владимир Кирюша аттуу адам. Анын 1990-жылдары Россияда менчиктештирилген ишканаларды сатып алууга катыштыгы бар экендиги айтылып келет.