Өзбекстандык мушкер Рузибоев чемпиондук титулун сактап калды

Мушкер сегиз бурчтукта 84 килограммда кармашты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өзбекстандык мушкер Нурсултан Рузибоев бразилиялык атаандашы Маргос Соузаны техникалык нокаут менен утуп, WEF Global уюмундагы наамын коргоп калды.

Бишкекте 10-ноябрь күнү WEF Global 14 жана Arzalet FC биргелешкен турнири болуп өттү. Мушкерлер октагондо 84 килограмм салмакта күч сынашты.

Рузибоев ММА боюнча 21 беттешти утуп, беш ирет жеңилген. Ал эми Соуза жети турнирди жеңип, биринчи жолу утулду.