Бишкекте айдоочулук күбөлүктү мыйзам бузуу менен бергендерге чара көрүлдү

Айрымдары кызматынан төмөндөтүлүп, кээси катуу сөгүш алды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Транспортту жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык каттоо-экзамен бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кызматтык тергөө жүрдү. Анын жыйынтыгында айдоочулук күбөлүктү алууда квалификациялык экзамендин эрежеси бузулганы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Кыргызстандан көңүлү калган немис фотографы агынан жарылды
Андыктан өз милдеттерин так аткарбаганы үчүн шаардык каттоо-экзамен бөлүмүнүн кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлдү.

Атап айтканда, бөлүм башчы Н.З. Алмаматовго эскертүү берилди. Анын орун басары З.Р. Рыскулов кызматынан төмөндөтүлүп, Ысык-Көлдүн каттоо-экзамен бөлүмүнүн алдыңкы адиси кызматына которулду.

Андан сырткары, бир катар кызматкерлер катуу сөгүш алды.