Икрамжан Илмияновдун тарапташтары сот имаратынын алдына чогулду. Сүрөт

Бишкек шаардык сотунда Илмияновдун баш коргоо чарасы каралууда.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун 50дөн ашык тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдына чогулду. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап жатат.

1 / 2
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун 50дөн ашык тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдына чогулду
2 / 2
Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап жатат.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча сыртынан өкүм чыгарылган. Ал эми 20-октябрда ал Россиядан кармалып, Бишкекке алып келингени маалым болгон. Ошол эле күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакта калтырган. Жактоочусу Сергей Слесаревдин билдиришинче, ал Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" боюнча айыпталууда.

Илмияновго 150 миң доллар берди деген компания тууралуу эмне белгилүү
Ал эми УКМКнын берген маалыматы боюнча Илмиянов 30-октябрда бир кишилик камерага которулган.

Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө айдоочусу, кийин ал президент болгондо 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Андан соң президенттин кеңешчиси болгон.