Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде бир тепкичке көтөрүлдү

КРдин футбол боюнча улуттук курамасы Азия өлкөлөрүнүн арасында 12-орунга татыды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде бир тепкичке жогорулады.

Октябрдын жыйынтыгы FIFA уюмунун сайтына жарыяланды.

Өрт жигиттер! Өлкөнүн эң мыкты жана эң кымбат футболчулары кимдер?
Өткөн айда Кыргызстан 91-орунда эле, эми бир тепкичке көтөрүлдү. Ал эми Азия футбол конфедерациясында өлкө 12-орунга чыккан.

Октябрдын эң мыкты командасы Гибралтарга таандык. Ал сегиз баскычка жогорулап 190-орунду ээлеген. Эң начар команда Мозамбиктики болду — тогуз сапка төмөндөп, 122-орунга түшүп калды.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бельгия, андан кийин Франция, үчүнчүдө Бразилиянын командасы турат. Кийинки катарлардан Хорватия, Англия, Уругвай, Португалия, Швейцария, Испания жана Дания мамлекеттерин көрүүгө болот.