Президент: Россия — өлкө экономикасынын эң башкы инвестору

Нарын шаарында заманбап спорт комплекси ачылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. "Газпром" компаниясы Нарын шаарына жаңы спорт комплексин курду. Анын ачылышына өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 7
"Газпром" компаниясы Нарын шаарына жаңы спорт комплексин курду
2 / 7
Анын ачылышына өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков барды
3 / 7
Президент өз сөзүндө Россия Кыргызстандын союздашы, стратегиялык өнөктөшү, эң жакын жана ишенимдүү дос өлкөлөрдүн бири экенине токтолду
4 / 7
Президент ошондой эле "Газпром-балдарга" аттуу долбоордун алкагында ушундай заманбап спорт комплекстери өлкөбүздүн ар башка аймактарында да курулганын белгиледи
5 / 7
Ал нарындыктарды жаңы спорт комплексинин ачылышы менен куттуктап, "Газпром" компаниясына жана россиялык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди
6 / 7
"Газпром" Кыргызстанда иштеп баштагандан бери өлкө экономикасына 30 миллиард сомдон ашык инвестиция салган
7 / 7
Бюджетке салык түрүндө 42 милилард сомдон ашуун каражат төлөгөн.

Президент өз сөзүндө Россия Кыргызстандын союздашы, стратегиялык өнөктөшү, эң жакын жана ишенимдүү дос өлкөлөрдүн бири экенине токтолду.

"Россия менен биздин тагдырыбыз да, тарыхыбыз да бир. Өлкөбүздүн экономикасынын эң башкы инвестору да — Россия Федерациясы. Владимир Путин менен болгон расмий жолугушууларыбызда эки тараптуу экономикалык, соода-сатык, маданий-гуманитардык алаканы чыңдоо маселелерин дайыма талкуулайбыз. Келечекте бирге ишке ашырчу дагы көптөгөн долбоорлор бар", — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле "Газпром-балдарга" аттуу долбоордун алкагында ушундай заманбап спорт комплекстери өлкөбүздүн ар башка аймактарында да курулганын белгиледи. Ал нарындыктарды жаңы спорт комплексинин ачылышы менен куттуктап, "Газпром" компаниясына жана россиялык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Президент Жээнбеков 24 бүлөнү үй-жайлуу кылды
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаев "Газпром-балдарга" долбоорунун алкагында Кыргызстанда тогуз ден соолукту чыңдоочу комплекс курулганын маалымдады. Бардыгы болуп Кыргызстанда 16 ушундай заманбап спорт комплекстери курулат. Ушундай эле комплекс жакын арада Жалал-Абад шаарында ачылат. Ал заманбап, сапаттуу курулуш материалдарын жана спорт жабдууларын пайдалануу менен курулганы айтылды.

"Газпром" Кыргызстанда иштеп баштагандан бери өлкө экономикасына 30 миллиард сомдон ашык инвестиция салган. Бюджетке салык түрүндө 42 милилард сомдон ашуун каражат төлөгөн. 10 миңге жакын кыргызстандык бул компаниянын структураларында иштейт.