Үрөй учурган фактылар. Канада журналисттин өлүмү үчүн Сауд Аравияны сынга алды

20-октябрь күнү Сауд Аравиянын Башкы прокуратурасы журналист Хашукжинин өлгөнүн ырастаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Канада журналист Жамал Хашукжинин өлүмү боюнча Сауд Аравиянын билдирүүсү жөнсүз жана чындыкка туура келбей жатат деген пикирин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Сауд Аравиянын билдирүүсүндө чындыкка окшошпогон жагдайлар көп болуп жатат. Журналисттин өлүмүнө тиешеси бар адамдардын бардыгы мыйзам алдында жооп бериши керек", — деп жазылган Канада өкмөтүнүн расмий сайтында.

Американын Washington Post гезитинде баяндамачы болуп иштеген сауд аравиялык журналист Хашукжи 2-октябрда жоголуп кеткени кабарланган. Ал Сауд Аравиянын Стамбул шаарында жайгашкан консулдугуна кирип, ошол бойдон чыккан эмес.

Быйыл жыл башынан бери канча журналист киши колдуу болгону айтылды
Ал арада бул маалымат дүйнөгө тарап, кабарсыз кеткен журналисттин тагдырына дүйнөлүк коомчулук көз салып турду. Себеби, аталган өлкө бир топ күнгө чейин унчукпай келип, анан гана айтууга аргасыз болду.

Ал эми 20-октябрь күнү гана Сауд Аравиянын Башкы прокуратурасы журналист Хашукжинин өлгөнүн ырастап, анын өлүмүнө Стамбулдагы консулдукта иштегендер менен болгон пикир келишпестиги себеп болгонун билдирген.

Буга чейин РИА Новости Sabah гезитине шилтеме берип жазганына караганда, журналист элчиликке кирип бара жатканда "акылдуу" саатын жаздыруу режимине коюп койгон. Саат "көргөнүн" автоматтык түрдө өзүнө жүктөп турган Apple iCloud тиркемесиндеги маалыматтарга караганда, журналистти  өлтүрүлгөндөн кийин жиликтеп салышкан.