Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү ремонтко жабылат

Ремонтту 28-августка чейин бүтүрүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, аталган көчөнүн ремонт иштери Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө башталып, аны 28-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

"Быйыл Үмөталиев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки эки чакырымга жакын аралыгы реабилитациядан өтөт", — деп жазылат маалыматта.

Анда жумушчулар жолго асфальт төшөп, бордюрларды алмаштырат.

Ошол эле маалда Чыңгыз Айтматов проспектиси Бөкөнбаевден Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкеси да жабылды.