БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Оңдоо иштеринен улам Айтматов проспектисинин Ахунбаевден Горький көчөсүнө чейинки аймагы жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча аталган аймактагы оңдоо иштери 8-августта башталып, 28-августка чейин улантылат. Бул убакыт ичинде жолго жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлат.
Айтматов проспектисинин аталган бөлүгүнө айдоочулар Токтоналиев, Жунусалиев жана Бакаев көчөлөрү аркылуу өтүшсө болот.
Ал эми 11-12-августта Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрөт. Калган күндөрү Айматов проспектисинин Айни, Жаманбаев жана Горький көчөлөрүнө чейинки аймактары автоунаа үчүн ачык болот.