БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бельгиянын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоле социалдык тармактан андан футболкасын сураган күйөрманды издеп жатат. Окуя Бельгия менен Япониянын беттешинде болгон.
Миньоле Twitter баракчасына анын сүрөтүн жарыялап, колдонуучулардан жигитти табууга жардам сурады.
Ал эми соцтрамактарда күйөрман "Mignolet can I have u'r t-shirt?" деген жазуусу бар плакатты көтөрүп турган. Жигит "Ливерпуль" командасынын күйөрманы экендиги белгилүү болду. Ийининде кызыл желек жабылып турат.
КРдин Футбол федерациясы да жигитти издөөгө киришип, алар жазган текстте #KyrgyzRepublic #Kyrgyzstan хэштеги коюлган.