БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөткөн жок. Мындай чечимди кабыл алууга 101 депутат "макул" деп добуш бергенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитет бул маселени кароону Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алганын белгиледи.
Добуш бере келгенде 101 депутат макул, бешөө каршы болгон. Бирок депутат Таабалды Тиллаев жаңылып "каршы" деп добуш берип алганын кийин билдирди. МЫндан улам ишеним артпаган депутаттардын саны 102 болсо, төртөө каршы экени такталды.
Белгилей кетсек, буга чейин парламенттеги оппозициялык үч фракция — "Республика — Ата-Журт", "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" өкмөттүн 2017-жылда жасаган иши боюнча отчет угуп, канааттандырарлык эмес деп тапкан.