Аянты — 127 гектар. Учурда Илимдер Академиясынын карамагында турат. Качандыр бир кезде шаардын чети деп эсептелген жерге түшкөн Ботаникалык бак учурда Бишкектеги кыймыл үзүлбөгөн трассанын, турак-үйлөрдүн ортосунда калды.
Буга чейин ботаникалык бактын аймагына Кытай тарап каржылаган аймагына ветеринардык жаңы 18 миллион долларлык лаборатория куруу пландалып, бирок коомчулуктун нааразылыгынан улам токтотулган. Бир нече убакыттан кийин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Ботаникалык бакка зыян келтирбеш үчүн пландалып жаткан лабораторияны башка жакка курууну караштырууга тапшырма берген.
Себеби удаа чыккан өрттү жарандык активисттер кызыкдар болуп жаткандардын иши экендигин айтышкан.
2010-жылы да Ботаникалык бактын аймагына биолаборатория куруу демилгеси көтөрүлгөн. Анда кооптуу вирустардын штаммдары сакталып жана аны изилдөө жүргүзүлөрү айтылып, ишке ашкан эмес.
Sputnik Кыргызстан Ботаникалык бактын бир бөлүгү болгон дендрарий-коруктагы жаз айында гүлдөгөн магнолия жана башка өсүмдүктөр туурасында сүрөт түрмөк даярдаган.
Маалыматтардын бир катары Ботаникалык бактын сайтынан алынды.