Дүйнө кыдырган ак калпак. Чет элдик атактуулар, кыйындар кийип түшкөн сүрөттөр

Sputnik

Калпактын кадырын көтөрүү үчүн кыргызга сөзсүз мыйзам керекпи?
Кыргыздын ак калпагын 1967-жылы Кыргызстанга келген космонавт Юрий Гагарин да, таразага түшүү аземинде аны белекке алган атактуу Рой Жонс да кийген. Муну менен бирге улуттук баш кийимибизди Голливуддун актеру менен каскадер Жеки Чан, Бириккен улуттар уюмунун мурдагы башчысы Кофи Аннан, россиялык сатирик жазуучу Аркадий Арканов жана башка атактуулар да кийип көргөн.

Ак калпак — кыргыздын улуттук баш кийими.

Кыргызстанда ак калпак күнү 2011-жылдан бери белгиленип келет. Алардын арасында эң чоң калпак жасагандардан тарта, аны кийип алып, көчөлөргө каз катар тизилип баскан акциялар бар.

Ак калпак жөнүндө кеңири маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүздөр>>

1 / 15
Ак калпакчан мушкер. Россиялык UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов 2018-жылдын башында АКШнын Бостон шаарында күйөрмандары менен жолугушуудан кийин
2 / 15
Краснодарда таразага түшүү аземинде Рой Жонс (кичүүсү) Бишкектин герби түшүрүлгөн кыргыз калпагын кийип чыкты. Балким улуттук баш кийим Ройдун атаандашынын беттешүү баштала элек жатып багынып берүүсүнө салым кошкондур
3 / 15
Советтик Кыргызстанга адамзаттын тарыхында биринчи жолу космоско учкан Юрий Гагарин 1964-жылы Түркестан аскер округунун чакыруусу менен келген
4 / 15
Ал Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлгө келип, бир нече күн эс алып кайткан
5 / 15
Финляндиянын президенти Мауно Койвистонун (оңдон үчүнчү) СССРге болгон расмий иш сапары. Чолпон-Ата шаарынын ат майданындагы майрам
6 / 15
Чыңгыз Айтматов Кыргызстанды түрө кыдырып жазуучулар менен жолугушууда
7 / 15
БУУнун мурунку жетекчиси Кофи Аннан Кыргызстанга расмий сапар менен 2002-жылы келген. Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев кыргыздардын меймандостугун көрсөтүүдө
8 / 15
АКШнын Республикалык партиясынын мурунку өкүлү Рон Полго БААУ студенти Эсен Рысбеков белекке калпак тапшырууда
9 / 15
Кыргызстан дүйнөгө аты таанымал бизнес-тренер Брайан Трейси семинарлары менен келген 70-өлкө болду
10 / 15
"Санта-Барбарадагы" Мейсон — Лейн Девис Кыргызстанга балдары менен келип кетти
11 / 15
Жеки Чан кыргыздардын бир кезде гунндар менен согушканын билип, "Ажыдар кылычы" деп аталган тарыхый тасмасында кыргыз актерун кыргызча кыйкыруусун өтүнгөн
12 / 15
Белгилүү британиялык аткаруучу Крейг Дэвидге кыргыз калпагы менен улуттук стилдеги шахмат "Мен — бийчи" эл аралык фестивалынын уюштуруучусу Атай Өмүрзаков белекке берген
13 / 15
Ак калпакчан россиялык музыкант жана таланттуу аткаруучу Михаил Шуфутинский
14 / 15
Калпак Россиянын актеру Ефим Шифринге да аябай жаккан
15 / 15
Калпакчан президент Сооронбай Жээнбеков