Депкир менен сабалган ымыркайдын энеси "бейбашчылык" беренеси менен айыпталууда

Тергөө тобу экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Депкир менен сабалып комага түшүп көз жумган баланын апасына козголгон кылмыш иши өзгөртүлө элек. Буга соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарынын чыга электиги себеп болууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Мени өлтүргөн апама кат: жек көргөндү үйрөнө элекмин
Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында бала өзүнө келбей каза болгон. Анын сөөгүн туугандары алуудан баш тарткандыктан соцкызматкерлер жерге берген.

Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок 12-февралда шаардык ИИБ кылмыш иши 97-беренеге (адам өлтүрүү) өзгөртүлгөнүн маалымдаган. Бүгүнкү күндө берене азырынча өзгөртүлбөй, мурдагы бойдон экени тастыкталды.

"Учурда экспертиза жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен өлүмдүн себеби аныкталат. Ошого ылайык кылмыш иши 104 (адамдын ден соолугуна атайылап залака тийгизүү) же 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголот. Эки кылмыш тең оор деп эсептелгендиктен айыпталуучу 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн", — деп ШИИБден билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, экспертизанын жыйынтыктары 1-2 айда белгилүү болот. Каза болгон ымыркайдын энеси учурда убактылуу кармоочу жайда кармалууда.