Алкынган аргымактар, торпок тарткан эрендер. Аламан улактын кызыктуу кадрлары

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган оюндан тартылган кызыктуу ирмемдерди сунушайт.

Аламан улакка түшкөн Жанар Акаев. Оштун Кара-Суусунан тартылган видео
Абанын температурасы —25 градусту көрсөткөн кыштын кыраан суугуна карабай, улакчылар таптаган аргымактарын минип эрендердин эр оюнуна келишкен. Кең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Жерге түшүп кеткен торпокту жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты.

Кычыраган кышта улак тартып жаткан балбандардын видеосун да көрө аласыздар.

1 / 15
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында ишкер Жапар Рахматовдун 70 жылдык маарекесине карата аламан улак болуп өттү
2 / 15
Аламан улак өткөрүп жаткандар Оштун Алай районунан болушат. Той ээсинин уулу Акыл Рахматов оюнга өлкөнүн ар тарабынан атактуу улакчылар келгенин айтты
3 / 15
Оюн талаасынан ары жагы Алай, бери жагы Талас, Нарындан келген улакчыларды күрүүгө болот. Анын арасында коңшу Өзбекстан жана Тажикстандан келген чабандестер да бар.
4 / 15
Кычыраган кыш, ызгаар суукка карабай мелдешке келген атчандардын саны 300дөн ашат
5 / 15
Байге же соорунга эки унаа, токулгасы менен үч ат, 20 төө жана 20 тай коюлган
6 / 15
Кең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Жерге түшүп кеткен торпокту жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты
7 / 15
Оюндун калысы микрофон менен тескеп жатты
8 / 15
Улакчылар салмагы 40 килограммдан ашкан торпокту тартып ойношту
9 / 15
Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат
10 / 15
Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала торпокту же улакты кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат.
11 / 15
Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат
12 / 15
Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Учурда дагы аламан улакты кышында гана ойноп келишет
13 / 15
Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү
14 / 15
Ал эми улакты тай казанга ыргытуу сыяктуу бирдиктүү эреже киргизилген көк бөрү оюну 1996-жылдын аягынан бери ойнолот. Аны гениалдуу кинорежиссер Болот Шамшиев ойлоп тапкан
15 / 15
Учурда бул оюн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Россиянын Алтай жергесинде кеңири жайылууда