00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кычыраган кышта кыл чайнашкан балбандар. Дача СУдагы аламан улактын видеосу

Жазылуу
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында ишкер Жапар Рахматовдун 70 жылдык маарекесине карата аламан улак болуп өттү. Оюнга өлкөнүн алыскы аймактарынан тарта коңшу Тажикстан, Өзбекстандан да келишкен. Улакчылар салмагы 40 килограммдан ашкан торпокту тартып ойношту.

Аталган оюнга Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары да күбө болуп келди.

Саяпкер Сүйүнбек: жылан жеген Миллиончик аргымагымды баламдай эле бактым - Sputnik Кыргызстан
Саяпкер Сүйүнбек: жылан жеген "Миллиончик" аргымагымды баламдай эле бактым
Абанын температурасы —25 градусту көрсөткөн кыштын кыраан суугуна карабай, улакчылар таптаган аргымактарын минип эрээндердин эр оюнуна келишкен. Кең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Эгер торпок жерге түшүп кетчү болсо жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты.

Аламан улак өткөрүп жаткандар Оштун Алай районунан болушат. Той ээсинин уулу Акыл Рахматов оюнга өлкөнүн ар тарабынан атактуу улакчылар келгенин айтты.

"Бүгүнкү маарекеге коноктор жер-жерлерден келип жатышат. Коюлган байгелер чекесинен өз ээсин табууда. Оюн кызыгына келип калды. Атабыздын эмгегин баалап, элден бата алалы деп өткөрүп жатабыз. Ал эми өзүбүз учурда Бишкекте соода-сатык менен алектенебиз", — деди Рахматов.

Оюндун калысы микрофон менен тигиге-буга ашыр соорун аласың деп кыйкырып жатты. Ал арада алыскы Алайдын Коорул айылынан келген Эген аттуу улакчы такымга баскан торпокту ашырып берип бир төө утуп алды. Аны кепке тартканыбызда улактан уткан байгелеринин эсеби жок экенин айтып таң калтырды.

"Мен 25 жылдан бери улак чабам. Буга чейин беш-алты машина уткам. Ал эми төө, тайлардын эсебин деле билбей калдым. Атайын ушул аламан улакка катышуу үчүн Алайдан бери келип отурам. Той ээлерине рахмат!" — деди улакчы.

Өзгөн: аламан улак тартышта баш байгеге коюлган унаанын акчасы тең бөлүндү - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: жүздөгөн киши катышкан аламан улак. Мелдештин асмандан көрүнүшү
Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.

Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, кийин сүннөткө отургузганда да ойнолгон. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0