Алкынган аргымактар, торпок тарткан эрендер. Аламан улактын кызыктуу кадрлары
Алкынган аргымактар, торпок тарткан эрендер. Аламан улактын кызыктуу кадрлары
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында ишкер Жапар Рахматовдун 70 жылдык маарекесине карата аламан улак болуп өттү. Оюнга өлкөнүн алыскы аймактарынан тарта... 28.01.2018, Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында ишкер Жапар Рахматовдун 70 жылдык маарекесине карата аламан улак болуп өттү. Оюнга өлкөнүн алыскы аймактарынан тарта коңшу Тажикстан, Өзбекстандан да келишкен. Улакчылар салмагы 40 килограммдан ашкан торпокту тартып ойношту.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган оюндан тартылган кызыктуу ирмемдерди сунушайт.
Абанын температурасы —25 градусту көрсөткөн кыштын кыраан суугуна карабай, улакчылар таптаган аргымактарын минип эрендердин эр оюнуна келишкен. Кең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Жерге түшүп кеткен торпокту жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты.
Оюн талаасынан ары жагы Алай, бери жагы Талас, Нарындан келген улакчыларды күрүүгө болот. Анын арасында коңшу Өзбекстан жана Тажикстандан келген чабандестер да бар.
Кең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Жерге түшүп кеткен торпокту жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты
Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала торпокту же улакты кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат.
Ал эми улакты тай казанга ыргытуу сыяктуу бирдиктүү эреже киргизилген көк бөрү оюну 1996-жылдын аягынан бери ойнолот. Аны гениалдуу кинорежиссер Болот Шамшиев ойлоп тапкан