Террорчулардан куткарылган кыргызстандыктар кыз-келиндер болгон. Кабулдагы видео

ЖМКлардын маалыматы боюнча согушкерлердин кол салуусунан 43 адам набыт болгон. Алардын арасында Украинанын жети, Казакстан менен Германиянын бирден жарандары бар.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабулда жайгашкан Intercontinental Hotel мейманканасына кол салган террорчулардан аман калган кыргызстандыктардын баары кыз-келиндер болгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, куралчан согушкерлер Intercontinental Hotel мейманканасына 20-январда түн ичинде кирип барышкан. Таң аткыча ал аймактан жардыруулар менен атышуулардын үнү жаңырып турган. 

"Ал мейманканада жети кыргызстандык кыз-келин тейлөө жаатында иштечү. Алардын улуусу 46да, кичүүсү 23 жашта болгон. Учурда алар коопсуз жайда. Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги алар менен жолугушту. Эч ким жаракат алган эмес. Бирок шок абалында. Документтери такталып бүтөөрү менен Кыргызстанга алып келинет", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде кандай сунуштарды айтты
Аталган окуянын жоопкерчилигин "Талибан" кыймылы өз мойнуна алган. РИА Новости ЖМКлардын билдирүүсүнө таянып террордук кол салуудан 43 адам мерт кетенин жазды. Ал эми 126 адам куткарылса, алардын 41и чет элдиктер болгон. Бирок Афганистандын ички иштер министрлиги 14 чет элдик жаранды кошкондо 18 адам набыт болгонун айтууда. Алардын арасында Украинанын жети, Казакстан менен Германиянын бирден жарандары бар экени такталган.

Intercontinental Hotel мейманкасына ушуну менен экинчи террордук чабуул жасалды. Алгач 2011-жылы да тогуз согушкер кол салып 12 адам каза тапкан. Натыйжада террорчулардын баары жок кылынган.

Люди по простыням спускались из окон отеля, захваченного боевиками в Кабуле